Түркиянын Диярбакыр шаарындагы полиция бекетинде жарылуу болуп, кеминде төрт адам жаракат алды. Анын бири оор абалда.
Өлкөнүн ички иштер министрлиги окуя бекеттеги унааны оңдоп жатканда болгонун, андан автопарктын чатыры урап түшкөнүн да маалымдады. Азырынча жарылуунун себептери аныктала элек.
Диярбакыр Түркиянын түштүк-чыгышындагы эң ири, күрт улутундагылар басымдуулук кылган шаар. Чөлкөмдө отуз жылдан бери Күрт жумушчу партиясынын жоочулары өкмөттүк күчтөр менен тирешип келет.
Жарылуу президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин бекемдейт делген 16-апрелдеги референдумдун алдында болгонуна көңүл бурулууда.