Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн түштөн кийин Бишкекте катуу шамал болуп, айрым жерлерде кулаган дарактар жеңил автоунааларды басып калды.
Аталган министрликтин ыкчам башкармалыгынын жетекчи орун басары Урмат Шамырканов учурда канча дарак кулаганы жана андан жабыркагандар, чыгымдар такталап жатканын билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-18 метрге жетерин кабарлаган.
Бишкек шаарынын 103 тез жардам кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, катуу шамалга жана дарактардын кулашына байланыштуу жабыркагандар тууралуу кабар түшкөн жок.
Жал кичи районунда жаңы салынган кабат үйлөрдүн биринин дубалынын сырты көчүп, бир жеңил унааны басып калды. (КЕ)