Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Назым Мендебаиров Кыргыз драма театрына жетекчи болду


Назым Мендебаиров
Назым Мендебаиров

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын директорлугуна жаңы дайындалган белгилүү актер жана режиссер Назым Мендебаиров бүгүн жалпы жамаатка тааныштырылып, расмий ишке киришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Назым Мендебаиров 44 жашта. Мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институнда “режиссёр жана драма” факультетин аяктаган. “Дем” театрынын көп жылдан берки жетекчиси. Ал "Достор", "Кайып булак", "Дудук кыз", "Кара жолтой", "Уурунун махабаты" ж.б. кинолордо роль жараткан.

Театрдын буга чейинки жетекчиси Темирлан Сманбеков өткөн жумада кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG