Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүү жүрүп жатат. Бүгүн кыргыз өкмөтүнөн кабарлашкандай, 10-20-апрелде Өзбекстандын Наманган шаарында эки өлкө ортосундагы өкмөттүк делегациянын жумушчу тобунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында делимитация жана демаркация маселеси боюнча жолугушуусу өтүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн чектеш кызматташтыгы тууралуу маселелерди талкуулайт.
Өкмөттөн белгилешкендей, жумушчу топтун жолугушуулары ай сайын активдүү уланууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Учурда анын орчундуу тилкелердеги чек ара сызыгы тактала элек. (RK)