Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Сойлу: Диярбакырдагы жарылуу кокустук

Диярбакыр, 11-апрель
Диярбакыр, 11-апрель

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Диярбакырдын полиция бекетиндеги окуяны кокустук деди. Бүгүн, 11-апрелде бекеттин автопаркындагы жарылуудан кеминде төрт адам жараат алган.

Сойлу кырсык брондолгон машинени оңдоо учурунда болгонун кошумчалады.

Диярбакыр Түркиянын түштүк-чыгышындагы эң ири, күрт улутундагылар басымдуулук кылган шаар. Чөлкөмдө отуз жылдан бери Күрт жумушчу партиясынын жоочулары өкмөттүк күчтөр менен тирешип келет.

XS
SM
MD
LG