Рекс Тиллерсон Сирия маселесинде Орусия Кошмо Штаттары тарабында болобу же Асад, Иран жана ливандык "Хезболла" жоочулары менен кызматташтыгын улантабы, чечиши керек деп билдирди.
АКШ мамлекеттик катчысынын бул сөзү 11-апрелде Италиядагы "Чоң жетинин" жыйынынан кийин, Москва сапарынын алдында айтылды.
Кошмо Штаттары өткөн аптадагы 80 адамдын өмүрүн алган химиялык чабуулдан кийин Сирия маселесинде кескин кадамдарга барууда. 6-апрелде өз элин ууландырып өлтүрдү деп, Сирия президенти Башар Асаддын аскер аба базасын ракеталар менен аткылаган. Дамаск менен Москва мындай айыптоолорго макул эмес.
Тиллерсон 12-апрелде Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.
Facebook шеринеси