Беларус мамлекеттик маалымат каражаттары 11-апрелде мыйзамсыз куралдуу топ уюштурууга шектелип 20 адам кармалганын кабарлашты.
Маалыматка караганда, Беларуста жумушсуздарга салынган салыкка каршы нааразылыкка чыккандарды пайдаланып, башаламандык уюштурмак болгон деп 35 адам айыпталган. Кармалган 20 киши ошол топтогулар экени кабарланууда.
Март айында беларус полициясы "Белый легион", "Патриот" топторунун, оппозициялык "Молодой фронт" кыймылынын активисттерин кармаган.
Алар президент Александр Лукашенко "куралдуу жоочулар" өлкө боюнча "куралдуу чаным" уюштурмак болгон дегенден кийин кармалышкан.
Март айында Беларуста алты айдан ашык жумушу жок жүргөндөргө салынуучу, эл арасында "бекерпоздор салыгы" деп аталган салыктан кийин нааразылык акциялары тутанган. Ушундан соң президент ал салыкты бир жыл артка чакыртып алган.