Москва Сириядагы химиялык чабуулга байланыштуу окуяны эл аралык иликтөөгө расмий чакырат.
"Биз БУУнун Гаагадагы тиешелүү структурасына сөзсүз расмий кайрылабыз жана эл аралык коомчулукту бул көрүнүштөрдү тыкыр иликтөөгө, анын натыйжасында тең салмактуу чечим кабыл алууга чакырабыз", - деди 11-апрелде Орусия президенти Владимир Путин.
4-апрелде Сириянын Хан-Шейхун шаарына химиялык деп мүнөздөлгөн чабуул жасалып, 90го жакын адам уугуп өлгөн. Батыш буга Сирия өкмөтүн, аларга көмөк көрсөтөт деп Орусияны айыптоодо. Дамаск менен Москва айыптоолорду четке кагып, уулуу газ Сирия өкмөтү куралдуу оппозициянын кампасын бомбалаганда чыккан деп айтышкан. Бул Батышты ынандырган эмес. 6-апрелде АКШ президент Асаддын аскер аба базасынын бирин ракеталар менен аткылаган.
Путин химиялык курал колдонгон чагым уюштуруп, күнөөнү Сирия өкмөтүнө артып коюу планы даярдалып жатканын, анын натыйжасында АКШ Дамасктын жака белине абадан сокку урууну максат кыларын угушканын да айтууда. Буга АКШ азырынча жооп бере элек.
Путиндин билдирүүсү 11-апрелде Италияда "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлеринин жыйынына удаа жасалды. Ал жыйындан кийин АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Орусия эки жолдун бирин тандашы керектигине ишара кылды:
"Орусия аныгында Асаддын режимине, ирандыктарга жана “Хезболла” тарапта турат. Бул Орусиянын кызыкчылыгына жооп берген узак мөөнөттүү альянспы? Же Орусия Сирия кризисин чечүүгө далалаттанып жаткан Кошмо Штаттары, батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө кайра кошулууну каалайбы?"- деди Тиллерсон.
Тиллерсон 12-апрелде Москвага келип, орус тышкы иштер министри менен жолукмакчы.