Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Германияда үч жолу жардыруу болду


Марк Бартра
Марк Бартра

Немис полициясынын билдиришинче, 11-апрелдин кечинде Германиянын Дортмунд шаарындагы «Боруссия» футболдук клубунун оюнчулары жайгашкан мейманкананын жанында үч жолу жардыруу болду. Андан команданын коргоочусу Марк Бартра жараат алды.

Клубдун жетекчилиги жардыруудан команданын автобусу зыянга учураганын билдирди. Стадиондун өкүлү Норберт Дикел оюнду көрүүгө келген күйөрмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Окуядан көп өтпөй германиялык «Боруссия» жана франциялык «Монако» клубдарынын ортосундагы беттешти 12-апрелге жылдыруу чечими кабыл алынып, полиция стадиондогу коопсуздук чараларын күчөттү. Командалар 11-апрелде Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында беттеш өткөрмөк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG