Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Улукбек Артыков 11-апрелде Бишкектеги талкуу учурунда билдирди. Анын айтымында, абактагылардын жетөө аялдар. Он жетиси чет өлкөлүк жарандар.
Артыков диний экстремизмге айыпталып камалгандар түрмөдө да ишмердүүлүгүн улантып, ал жактагыларды туура эмес агымдарга азгырууга аракеттенип жатканын кошумчалады. Түрмөлөрдөгү 185 кишиден тышкары 52 адам жатак абакта, 152си кылмыш аткаруу инспекциясында каттоодо турат.
11-апрелде Кыргызстандын абактарында диний радикалдашуунун, экстремизм менен террорчулуктун жайылышынын алдын алуу маселеси талкууланды. (ZKo)