Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Мал ылаңына каршы каражаттардын сырттан ташылуусун каттоо сунушталууда


Кыргызстанда мал ылаңына каршы препараттардын сырттан ташылуусун каттоо сунушталууда. Бул маселени бүгүн Жогорку Кеңеш талкуулап жатат. Ветеринария тууралуу мыйзамга киргизүү үчүн сунушталып жаткан толуктоо, өзгөртүүлөрдө мал ылаңына каршы колдонула турган препараттардын сырттан ташылуусун Ветеринардык палата аркылуу каттоого алуу каралууда.

Айрым депутаттар бул кошумча түйшүк жана коррупциялык тобокелчиликти жарата турганын айтып чыгышты.

Ал эми Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов мындай ыкма малды эмдөөнү жана ылаңды дарылоону иретке келтирүү үчүн зарыл экенин айтты. Анын белгилешинче, палата жеке менчик ветеринардык аптекаларга жана жеке ветеринарлардын ишмердигине тоскоолдук кылбайт.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2521 жеке ветеринар бар. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы мыйзам алардын малды эмдөө жана ылаңды дарылоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатат деп эсептейт. Бул үчүн вакцинацияны көзөмөлдөөнү тартипке келтирүү жагы талкууланууда. (KJ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG