Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Шаардык сот активисттердин митингге чыгуу арызын караган жок


Бишкек шаардык соту жарандык активисттердин КТРКнын алдына тынч митинг өтүрүү боюнча арызын кайра Ленин райондук сотуна жиберди. Бул тууралуу бүгүн “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди.

- Шаардык сот бул арызды караган жок. Аны кайрадан Ленин райондук сотуна жөнөтүү чечимин чыгарды деген жооп келиптир. Экинчиден, сот кайрылуу мөөнөтү өтүп кеткени үчүн ушундай чечим чыгарылганын белгилептир. Райондук сот 17-мартта караса, колубузга 23-мартта тийген. Биз 27-мартта кайра апелляция берип атсак кантип мөөнөтү бүтөт? Мыйзам боюнча 10 күндө кайрылыш керек.

Кыргызстанда "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму "Кылым шамы" укук коргоо кыймылы менен биргеликте Ленин райондук сотунун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылган.

17-мартта Бишкектин Ленин райондук соту активисттерге КТРК алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган. Алар "саясий репрессия жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүүлөр токтотулсун" деген талап менен 29-мартта коомдук каналдын алдында митингге чыгууну көздөп жатышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG