13-апрелде Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга өтөт, тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12;
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12;
Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 10...15;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12;
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5.
Бишкек шаарында маал-маалы менен катуу жаан жаайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 9...11 градус.