Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Иран: Ахмадинежад президенттикке талапкер болуп катталды


Махмуд Ахмадинежад
Махмуд Ахмадинежад

Иран мамлекеттик медиасы мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер болуп катталганын кабарлашууда.

Ахмадинежад өткөн жумада эле бир кездеги орун басары, экс-вице-президент Хамид Багхай менен чогуу маалымат жыйынын өткөргөн. Анда президенттик жарышка чыкпасын, Багхайдын талапкерлигин колдоорун айткан эле. Бир жума мурдагы оюнан эмнеге айнып кеткени азырынча белгисиз.

Консерватор саясатчы Ахмадинежад Иранды 2005-2013-жылдары башкарган.

Президенттик шайлоо 19-майга белгиленген. Талапкер болуу үчүн 128 адам катталганы кабарланууда. Аларды өлкөдөгү Сакчылар кеңеши иргейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG