Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Батыш Балкандагы нааразылык толкундары уланууда


Белграддагы демонстранттар.
Белграддагы демонстранттар.

Батыш Балкандагы Сербия менен Македонияда нааразылык акциялары дале уланууда. Шейшембиде да бир нече миң сербиялыктар башкалаа Белграддын көчөлөрүнө чыгышты. Алар 2-апрелде президенттикке шайланган Александр Вучичти шайлоо жыйынтыгын уурдады деп айыпташууда.

Нааразылык акциялары ошол шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан бери өтүүдө. Басымдуусун жаштар, студенттер түзгөн демонстранттар "Жумушчулар кул эмес", "Силер абаны да менчиктеп алдыңар" деген өңдүү жазууларды кармап алышкан. Мурдагы премьер-министр Вучич 31-майда ант берип, ишине расмий киришет.

Сербияда президенттин ыйгарым укугу чектелүү болгону менен Вучич парламенттеги башкаруучу партиясы аркылуу иш жүзүндө бийлигин сактап калары айтылууда.

Ал эми Македониянын борбору Скопьедеги митингчилер бир нече аптадан бери албан тилине расмий макам берилишине каршы чыгышууда. 11-апрелде аларга тракторчон фермерлер, бульдозер минген жумушчулар кошулду. Өлкөдө декабрда парламенттик шайлоо өткөн. Нааразылык шайлоодо уткан Социал-демократтар союзу менен этникалык албандар партиясы коалиция түзүүгө умтулганда тутанган. Коалициянын планында албан тилине экинчи тил катары расмий макам берүү да камтылган эле. Президент да буга каршы болуп, коалицияны бекитүүдөн баш тарткан. Македониянын 2 миллиондон ашуун элинин 25% албандар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG