Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Парламент жеңилдетилген насыя үстөгүн 7% чейин түшүрүүнү колдоду


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары дыйкандарга берилчү жеңилдетилген насыянын үстөк пайызын 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулады. Демилгечилер ушул тапта айыл чарбасы арзан насыяга муктаж экенин белгилешти.

Депутат Зиядин Жамалдинов насыя өлчөмүн 7 пайызга чейин төмөндөтүү тобокелчиликке алып келиши мүмкүн экенин, аны ишке ашырууга 1 млрд сомдон ашык каражат зарылдыгын айтты.

Ал эми өкмөттүн өкүлдөрү мамлекет айыл чарба багытындагы насыяларды ансыз деле 10 пайыздык үстөгү менен берип жатканын, анын чегин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө кошумча каржы булактары жок экенин билдирди.

Жыйынтыгында 85 депутат мыйзам долбоорун колдоп, ал үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кыргыз өкмөтү “Айыл чарбасын өнүктүрүү – 5” программасынын алкагында жалпы суммасы 7 млрд сомдук насыя берилерин билдирген.

Министр Нурбек Мурашевдин 11-апрелдеги маалымат жыйында билдиргени боюнча, жазгы айдап-себүү иштери үчүн 1 млрд 241 млн сом бөлүнгөн. Учурда дыйкандар кайра иштетүү өнөр жайы үчүн 6%, мал чарба, өсүмдүк өстүрүү үчүн 10% үстөк менен насыя ала алышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG