Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Навальный орусиялыктарды кайрадан митингге чакырды


Навальный сот залында. 30-март, 2017-жыл
Навальный сот залында. 30-март, 2017-жыл

Оппозиционер Алексей Навальный 26-марттагы митингчилердин суроо-талабына премьер-министр Дмитрий Медведев канааттандырарлык жооп берген жок деди. Буга байланыштуу мекендештерин 12-июнда Орусия күнүндө жапырт антикоррупциялык митингге чыгууга чакырды.
"Келгиле, жакшылап уюштуруп, дагы мыктап даярданып, андан да көп шаарларда тынч митинг өткөрүүгө арыздарды берели. Дагы көптөгөн элди чогулталы да так, ачык жана келишкис түрдө коррупцияга байланыштуу айыптоолорубуздан баш тартпайбыз, эч качан андай оюбуз жок деп айталы", дейт Навальный.

Ал жетектеген Коррупция менен күрөшүү фонду марттын башында атайын иликтөө жарыялап, анда Медведевдин 70 млрд рублдик жашыруун мүлкүн таап чыкканын жарыялаган. Ушундан соң Орусиянын ондогон шаарларында миңдеген адамдар митингге чыгышкан. Анда Навальный баш болуп бир жарым миңдей адам кармалган.

Медведев 4-апрелде айыптоолорду "сандырактык жана кагаз-магаздар" деп, бирок анда айтылгандарга тиешеси бар-жогун тактаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG