Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Түркмөнстан: кеминде үч мектеп кум алдында калды


Түркмөнстан
Түркмөнстан

Түркмөнстандын Балкан облусунун жашоочулары эл жашаган аймактарда борпоң кум жолдорду, эл жашаган конуштарды жана социалдык объектилерди көмүп калганын билдирүүдө.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы жазып чыкты. Берекет жана Сердар райондорунун жашоочулары Дувунчи, Ясга жана Йылгынлы айылдарындагы кеминде үч мектепке барган жолдор жабыктыгын айтышкан.

Шамал болгон сайын Йылгынлы айылынын четиндеги кум дөбөлөр жылып жатканы кабарланды.

15 жыл мурун бул айылдын жашоочулары кумдун айынан үч чакырым алыс жерге көчкөн, мектеп мурдагы ордунда калган.

Жергиликтүү тургундар облустук бийликтен жардам сурап кайрылышканын, бирок жооп келе электигин маалымдашты.

Ашхабаддын чет жактарындагы райондордо кумдун жылышы май-ноябрь айларында күчөйт. Түркмөнстан калкынын басымдуу бөлүгү айылда жашайт, өлкө аймагынын 80 пайыздан ашыгы чөлдөр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG