Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Чек ара көйгөйү сахнада көрсөтүлөт


Чек ара
Чек ара

Чек ара көйгөйү сахнада көрсөтүлөт. Бүгүн “Учур” жаштар театры даярдаган “Чек ара” спектаклинин бет ачары болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" спектаклдин режиссеру Темир Бирназаров маалымдады.

Спектаклдин жардамчы режиссеру – Индира Токтокожоева, балетмейстер – Динара Кыдырмаева. Музыкасын Азат Дөөткулов жазган. Драманын автору жок.

Чыгарманын сюжетин оюн даярдалып жаткан учурда режиссер менен театр артисттери иштеп чыккан.

Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, спектаклде Борбор Азияда эки башка өлкөдө жашаган достордун басып өткөн жолу, андан кийинки тагдыры, алардын бири-бирине болгон урмат-сыйы, эгемендик жылдарындагы чек ара көйгөйү чагылдырылат.

Психологиялык жана философиялык драмада эки башка өлкөдө жашаган достордун мамилесине жолтоо болгон чек аралар аркылуу Жер шарындагы жалпы адамзат коомчулугунун ортосундагы байланыштар тууралуу кеп болот.

Башкы ролдорду артисттер Чыңгыз Мамаев, Илим Калмуратов, Адинай Бектурова, Алмаз Сейитканов, Ыйманбай Нарбай уулу ойнойт.

Кыргызстандын коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш айрым аймактарында орток тилке толук такталып бүтө элек. Айрым учурларда жер, суу талаштан улам жергиликтүү тургундар ортосунда чыр-чатактар чыгып турат.(ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG