Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Эл акыны Гүлсайра Момунованын поэзия кечеси өтөт


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелерин өткөрүүнү улантууда. Мындай кеченин кезектегиси Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунованын чыгармачылыгына арналарын бүгүн “Азаттык” радиосуна Отунбаеванын фондунан кабарлашты.

“Жакшы сөз айткым келет” деп аталган бул поэзия кечеси 14-апрелде филармонияда өтөт.

Гүлсайра Момунованын ырлары украин, казак, өзбек, түркмөн, азербайжан, болгар тилдерине которулган.

Анын “Боз үй”, “Сөз” деген дастандары, “Ала-тоо айымы” поэмасы мыкты чеберчиликте жазылганы менен окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Гүлсайра Момунова калемдештери арасында ода жанрынын, арноо ырларынын чебери катары белгилүү. Анын көптөгөн ырларына классик композиторлор, обончулар обон жараткан.

Момунованын мекен алдындагы эмгеги жана жаркын таланты жогору бааланып, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” ордени, “Даӊк” медалы менен сыйланган, ал Алыкул Осмонов, Түгөлбай ата, Аалы Токомбаев, Жамбыл Жабаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG