Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Трамп: Тиллерсондун Москва сапары күтүлгөндөн жакшы болду


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

Москвада АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугуп чыккандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп эки өлкө мамилеси боюнча өз оюн билдирди:

- Бир аз мурда биз талкуулагандай, НАТО менен АКШ Орусия менен ынтымакташып кетсе сонун болмок. Азыр биз Орусия менен такыр тил табыша албай атабыз. Сыягы биз Орусия менен узактан бери начарлап келаткан мамиленин эң төмөнкү деңгээлинде тургандайбыз. Бирок эмне болуп кетерин көрө жатарбыз. Путин Орусиянын лидери. Орусия күчтүү өлкө. А биз өтө күчтүү өлкөбүз.

Ошентсе да Трамп Тиллерсондун Москва сапарын күтүлгөндөн жакшы болду деп баалады.

12-апрелде Путин да Трамп бийликке келгени АКШ-Орусия ортосундагы ишеним дагы төмөндөп кеткенин айткан эле. Путин менен жолуккан соң Тиллерсон эки ядролук державанын мамилеси мындай болбошу керектигин билдирген.

Лавров болсо көйгөйлөргө карабастан бирге кызматташуунун келечеги бар деди. Тараптар эки өлкөнүн мамилесиндеги "кыжырды кайнатып аткан" маселелер менен алектениш үчүн жумушчу топ түзүүнү макулдашканы белгилүү болду. (MTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG