Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

БШК менчик каналда үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү


Кыргызстанда менчик телерадиокомпаниялар аркылуу шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов 13-апрелде "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү принцибин жетекчиликке алып ушундай сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкканы айтылууда. Маселен, Ариповдун белгилешинче, Жапонияда шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт жүргүзүү укугу мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана жүргүзүлөт.

Ошондой эле кээ бир талапкерлер жеке менчик телерадиокомпаниялар аркылуу акчасын төлөп, көп үгүт жүргүзсө, айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок экени жүйө келтирилүүдө.

Бирок ошол эле кезде БШКнын кээ бир мүчөлөрү мындай сунушту кабыл алууга каршы добуш беришти. Алардын айтымында, бул шайлоочулардын жана талапкерлердин тандоо укугун бузат жана айрым талапкерлерге тоскоолдук жаратууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Натыйжада сунуш БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (KJ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG