Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Малала "Канаданын ардактуу жараны" наамын алды


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай.

Нобель сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай "Канаданын ардактуу жараны" наамын алып, өлкө парламентинде кайрылуу жасаган эң жаш өкүл болуп калды.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 12-апрелде жарандыкты ырастаган сертификатты 19 жаштагы Юсуфзайга тапшырды. Ал өлкө тарыхында мындай сыйлыктын эң жаш ээси болуп калды.

"Малала, сенин окуяң бардыгыбызды шыктандырды", - деди Трюдо.

Пакистандык активист Малала өлкөсүндөгү кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген. 2012-жылы 15 жашында, талиптер аны өзү жашаган Сват өрөөнүндө башка атып кетишкен. 2014-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG