Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:10

Бишкекте эмчек рагын алдын алуу боюнча оригиналдуу маалыматтык өнөктүк башталды. Бүгүнтөн тартып шаардын түштүк четинен чыгып, бир нече борбордук көчөнү аралап өтүүчү №10 троллейбуста бул илдет тууралуу маалымат берилүүдө.

“Эргене” коомдук фонду Швейцариялык фонддордун колдоосу менен эки ай бою эмчек рагы боюнча маалымат таркатуу ишин жүргүзөт. Бул тууралуу “Азаттыка” фонддун координатору Тынара Касмалиева билдирди.

"Демилгенин максаты - залалдуу шишикти эрте аныктап, дарыланууну убагында баштоо" дешет уюштуруучулар.

Көкүрөк рагын аныктоо үчүн кайсы жерге барыш керек жана кимдин кеңешин алуу зарыл деген сыяктуу жөнөкөй маалыматтар троллейбуста берилип турат.

Кыргызстанда көкүрөк рагына чалдыккан аялдардын 39 пайызы оорусу өтүшүп кеткенде адиске кайрылууда. Жылына 600дөн ашуун аял бул ооруга кабылып жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG