Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Депутаттык комиссия "Кыргызтелеком" боюнча бүтүмүн жарыялады


“Кыргызтелеком” ишканасынын интернет тарифтеринин жогорулашы боюнча Жогорку Кеңештеги убактылуу депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Бүгүн парламенттин жыйынында комиссиянын жетекчиси, КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков:

- Тарифтердин жогорулашы боюнча "Кыргызтелекомдун" ошол кездеги жетекчилиги күнөөлүү деп таптык. Август айында эки казак провайдеринен сунуш келген. Ал жерде ультиматум болгон эмес. Карап көргүлө деген сунуш болгон. Ишкананын ошол кездеги жетекчиси директорлор кеңешине айтпай 30 доллардан келишим түзгөнгө буйрук берет. Эртеси эле 420 миң доллар алдын ала төлөнүп берилген. Коррупциялык моменттер болгон, - деди.

Былтыр казакстандык ишканалар менен интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түзүлгөнү үчүн Башкы прокуратура “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон.

Быйыл февралда ишкананын Директорлор кеңеши мекеме жетекчиси Эмил Эшеналиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алган.

Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн четке кагып, келишимди аргасыздан, казак тарап интернет берүүнү токтотуп салабыз дегенден кийин түзүүгө барганын маалымдаган. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG