Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Парламентте мародерчулук боюнча отчет талкууланууда


Жогорку Кеңеште бүгүн 2010-жылдагы мародерчулук боюнча маселе талкууланып жатат. Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков 2012-жылы бул маселе боюнча комиссия түзүлгөндө ошол кылмыш иштерди жабууга кызыкдарлар болгонун билдирди.

Анвар Артыков депутаттык комиссия төрт ай иштегенин, бирок үч ай бою ИИМ мародерчулук боюнча маалыматтарды бербегенин кошумчалады.

«Комиссиянын алдына коюлган маселелерди изилдөөдө кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар болду. Бирок ошого карабастан чогултулган материалдар тартип коргоо жана көзөмөл органдарына жөнөтүлдү" деди Артыков:

- Бүгүнкү күндө бул иш жандандырылды. Ички иштер министрлигинен прокуратура алып муну УКМКга берген. УКМКда тергөө жүрүп жатат. Биринчи кармалгандар бар.

Артыковдун докладына байланыштуу депутаттар арасында түрдүү пикирлер айтылды. Маселен, "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко анда конкреттүү далилдер жок деген оюн билдирди:

- Текст абдан автордук болуп калган. Эч кандай конкреттүү фактылар жок. Убактылуу депутаттык комиссия өзүнүн корутундусун мындай стилде жазбайт, - деди Никитенко.

2010-жылы өлкөдө бийлик алмашкан учурдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы быйыл 16-марттан тарта иликтей баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG