Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

ЖК мародерчулук боюнча токтом кабыл алууну жылдырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

13-апрелде парламентте марродерчулукту иликтеген депутаттык комиссиянын иши боюнча токтом кабыл алынган жок. Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы мародерлук, банк кутучаларынан акча алуу, Курманбек Бакиев, Кадыржан Батыров жана анын жакындарына таандык делген мүлктөрдүн сатылышын иликтеген депутатык комиссиянын корутундусун укту.

Жыйынга укук коргоо органдарынын жетекчилери жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышып маалымат беришти. Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков комиссия өз максатына жеткенин, анткени көтөрүлгөн маселелер боюнча конкреттүү аракеттер жүрүп, иштер козголгонун билдирди.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова комиссиянын чечими "имиштерге" таянып жазылганын айтты.

Аталган комиссия “Кыргызтелеком” ишканасы тараптан интернет баасынын жогорулашына байланышкан маселени да иликтеген. "Республика – Ата-Журт"фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов комиссиянын маалыматтары бир беткей болуп калды деген сын айтты.

Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алуу маселеси кийинки жыйынга жылды. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG