Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Кеминдеги жол кырсыгынан алты кишинин өмүрү кыйылды


Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсык. 13-апрель, 2017-жыл.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсык. 13-апрель, 2017-жыл.

Жол кырсыгы бүгүн, 13-апрелде кечки саат алты жарым чамасында Кемин районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 97-чакырымында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, "Хонда-Одиссей", "Мерседес-Бенц" жана "Тойота-Хайландер" үлгүсүндөгү үч машине кагылышкан. Андан алты киши мерт болуп, экөө жараат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

8-апрелде да Кемин районунда, Бишкек-Торугарт жолунун 80-чакырымында үч автоунаа кагышып, беш адамдын өмүрү кыйылган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG