Тажикстандын Башкы прокуратурасы камактагы адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Заррина Набиеваны чакырып, анын жолдошуна козголгон жаңы кылмыш иши боюнча адвокат жалдоо маселесин талкуулады.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, Зарина Набиева күйөөсүн сотто жактоого эч ким батынбай жатканын билдирген.
13-апрелде Башкы прокуратура Бузургмехр Ёровго «ЖМК же интернетти пайдалануу менен улут көсөмүн кемсинткен» деген берене боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон.
Адвокаттын жубайы буга Ёровдун сот отурумунда айткан сөздөрү себеп болгон деген пикирде.
Тажик соту былтыр октябрда Бузургмехр Ёровду "мамлекеттик бийликти кулатууга ачык чакырык жасаган" жана "тополоң чыгарууну көздөгөн", "алдамчылык" деген беренелердин негизде күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк «сотту сыйлабоо» жана «бийлик өкүлүн кемсинтүү» айыптары менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Өткөн айда Ёровго кошумча эки жыл жаза мөөнөтүн берүү тууралуу сот өкүмү чыккан.
Еров коюлган айыпты мойнуна албай, аны саясатка байланыштуу деп атаган.