Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Оштун Орусия каржылаган өнүгүү долбоору талкууланды


Экономика министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы менен бирге ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун интеграциялык өнүгүүсү" долбоорун талкуулады.

Министрликтен бүгүн кабарлашкандай, долбоор Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 2016-жылы кабыл алынган. Аны жүзөгө ашырууга каражатты Орусия өкмөтү бөлүп берген.

Бюджеттин жалпы суммасы 3,5 млн доллар.

Былтыр июлда башталган иштер 2019-жылдын декабрында жыйынтыкталат.

Максат - Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунда жакырчылыкты жоюу аркылуу чыр-чатактарды азайтуу жана адамдардын өнүгүүсүнө шарт түзүү. (RK)

XS
SM
MD
LG