Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Кытай Кыргызстандын Чек ара кызматына бир миллион юан бөлдү


Кытай Кыргызстандын Чек ара кызматына 1 млн юандык техникалык жардам көрсөтүүнү чечти. Бул тууралуу келишимге Бишкекте бейшемби күнү кол коюлду.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы Кыргызстанда төрт күндүк сапарда болуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Мамлекеттик чек ара үчүн жооптуу мекеме өкүлдөрү чектеш аймактардагы абалга ар дайым анализ жүргүзүп туруу, маалымат жана тажрыйба алмашуу улана берерин белгилешти. Ошондой эле кезектеги антитеррордук машыгууларды уюштуруу чечими кабыл алынды.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1084 чакырым, такталбаган тилкелер жок. Ортодо эки өткөрмө бекет иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG