Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 16:44

АКШ Ооганстанда ИМге каршы ядролук эмес эң чоң бомба таштады


АКШнын Ооганстандагы күчтөрү "Ислам мамлекети" радикал уюму пайдаланган туннелге эң чоң ядролук эмес бомбасын таштады.

9 миң 800 кг бомба Пакистанга жакын жердеги Ачин районунда жергиликтүү убакыт боюнча 7.32де жардырылганын Пентагон 13-апрелде маалымдады.

Бомбанын бул түрү согуш шартында биринчи жолу колдонулду. Ооганстандын коргоо министрлиги жума күнү кабарлагандай, соккудан 36 жоочу набыт болду. Өткөн аптада Нангархар провинциясында "Ислам мамлекетинин" экстремисттери менен урушуп жаткан америкалык атайын күчтөрдүн жоокерлери окко учкан.

Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спейсер чабуул согушкерлерге эркин жүрүүгө жана америкалык аскерлерге кол салууга мүмкүнчүлүк берген туннелдер менен жер төлөлөр комплексин бутага алганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG