Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Жусуп Мамайдын мурасына арналган илимий жыйын өтүүдө


Бүгүн Бишкекте “Жусуп Мамай жана түрк калктарынын эпостору” деген аталышта эл аралык илимий жыйын башталды. Аны Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Шиңжаң “Манас” изилдөө борбору уюштурган. Илимий жыйынга Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан илимпоздор, эл оозеки чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар катышууда.

Кытайлык улуу манасчы Жусуп Мамайдын адабий мурасына арналган мындай жыйындар буга чейин үч ирет өткөрүлгөн. “Манас” баштаган бир топ эпосторду айткан Жусуп Мамай 2014-жылы Кытайдагы Ак-Чийде каза болгон.

Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамайдын адабий мурасын изилдөө, жайылтуу боюнча Кытайда жана Кыргызстанда бир топ иштер жасалган. Жыйында Жусуп Мамай айткан “Манас” баштаган баатырдык эпостордун түрк тилдүү өлкөлөрдө изилдениши, анын вариантынын өзгөчөлүгү, манасчылык мектеби, түрк калктарынын эпосторун изилдөө, этнографиялык орчун маселелери талкууланууда. Илимий жыйын ишин улантууда. (BSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG