Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Путин: ЕАЭБ өз жыйынтыгын бере баштады


Владимир Путин
Владимир Путин

Евразия экономикалык биримдигинин иши өз жыйынтыгын бере баштады. Мындай пикирин бүгүн уюмдун Бишкекте өтүп жаткан саммитинде Орусия президенти Владимир Путин билдирди.

Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук экономикалары жаңы чакырыктарга туруштук бере алганын, жылыштар көзгө көрүнө баштаганын, айыл чарба тармагындагы өсүшкө Орусия жакшы салым кошуп жатканын айтты.

Ошондой эле ал Орусиянын айыл чарбасында импорттун 62 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарлары түзөрүн, Кыргызстандан барган текстиль 38 пайызга өскөнүн белгиледи.

Владимир Путиндин айтуусунда, Кыргызстандын Бажы кызматын модернизациялоо долбоору улантылат, товарларга электрондук көзөмөл киргизилет.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда. Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG