Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:26

Евразия экономикалык биримдигинин ичинде өнөктөштөрдү дискриминациялоочу чечимдерге мораторий киргизүү керек. Мындай сунушун бүгүн Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинде Беларус президенти Александр Лукашенко айтты.

Лукашенко чечилбей жаткан маселелер көп экенин белгилеп, товар алмашуудагы тоскоолдуктарды жоюу керектигин, буга Евразия экономикалык комиссиясы көзөмөл кылышы зарылдыгын белгиледи.

"Техникалык көзөмөл жана регламентке шылтап товар алмашууга тоскоол кыла берген, өзүңдүн рыногуңду коргоо менен үчүнчү өлкөнүн укугун тебелеген болбойт, андыктан өнөктөштөрдү рынокту диверсификациялоого чакырам" деди белорус президенти.

Орусия президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук экономикалары жаңы чакырыктарга туруштук бере алганын, жылыштар көзгө көрүнө баштаганын, айыл чарба тармагындагы өсүшкө Орусия жакшы салым кошуп жатканын айтты.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышууда. Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди. (SDz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG