Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Бишкектин бекитилген бюджети кайра каралууда


Бишкек шаардык кеңешинде бюджет маселесине байланыштуу талкуу уланууда. Кечээ, 13-апрелде депутаттар сессияга чогулуп, шаардын 2017-жылга бюджетин карап, кабыл алышкан.

Бул токтомго Бюджеттик комиссиянын төрагасы Жанарбек Алымовдун сунушу кирген. Анда мэрия 1 миллион сомдон ашык суммадагы каражатты кайра бөлүштүрүү үчүн кеңештин президиумунун макулдугун алууга милдеттүү деген эреже жазылган.

Бирок кийин айрым депутаттар токтомго туура эмес добуш берип алганын айтып, аны кайра карап чыгууну сунушташкан.

Натыйжада шаардык кеңеш бүгүн да сессияга чогулуп, маселе кайра талкууланып жатат.

Шаардык кеңештин президиуму 11 депутаттан турат.

Бишкектин бюджети 8 млрд 900 млн сом, Бюджет кодекси боюнча мэрия жалпы бюджеттин 5% чейинкисин депутаттардын макулдугусуз бөлүштүрө алат, бул 450 млн сомго жакын каражат. (UEz)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG