Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Атамбаев: ЖККУ жаңы коркунучтарга каршы чара көрүшү керек


Жамааттык коопсуздук келишим уюму аймактагы коопсуздук алдында пайда болуп жаткан коркунучтарга каршы алдын алуу чараларын көрүшү керек. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев уюмдун башчыларынын Бишкекте өткөн бейформал жолугушуусунда айтты.

Жыйынга кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Армения башчысы Серж Саргсян, Беларустун лидери Александр Лукашенко, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Орусия башчысы Владимир Путин жана тажик мамлекетинин башчысы Эмомали Рахмон катышты.

Алмазбек Атамбаев дүйнөдө кырдаал тездик менен өзгөрүп жатканын, күч-аракеттерди бириктирүү, коопсуздукка салттуу жана жаңы коркунучтар менен сыноолорго каршы алдын ала чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. «Ошондуктан бүгүнкү биздин бейформал кеӊешүүбүз абдан керек болду», - деди президент.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG