Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Ленинград облусундагы автокырсыкта төрт кыргыз жараны жараат алды

иллюстративдик сүрөт
иллюстративдик сүрөт

14-апрелде Орусиянын Ленинград облусунда болгон кырсыкта 18 адам жабыр тарткан. Алардын төртөө кыргыз жарандары экенин Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова "Азаттыкка" билдирди. Жараат алгандар Тосненск райондук клиникалык ооруканага жеткирилген. Кырсыкка кабылган кыргызстандык дагы бир жаран жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган. Калган кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу кошумча маалымат берилип турат.

Жума күну жолдо бараткан микроавтобус Тосненск районунун аймагында жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ленинград облусунун администрациясы менен бирге жол кырсыгынын чоо-жайын териштире баштаган.

​
XS
SM
MD
LG