Түндүккореялыктар бүгүн азыркы президент Ким Чен Ындын чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүн белгилешүүдө. Демейде бул күн “Күн күнү” катары майрамдалып, ири идеологиялык, маданий акциялар, театралдык, музыкалык иш-чаралар, аскерий парад, көргөзмөлөр менен коштолот. Ошондой эле “түбөлүк президенттин” басып өткөн жолу тууралуу ар кандай дарстар окулат. Иш-чараларга он миңдеген адамдар катышат. Бул майрам Түндүк Кореянын айланасындагы абал чыңалып турган учурга туура келүүдө.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын проблемасы менен "алектенүү керектигин" айткан. Акыркы кезде коммунисттик режим ядролук дүрмөттөлгөн ракета сыноого даярданууда деген божомол сөздөр көбөйүүдө.
9-апрелде Трамп Корей жарым аралынын жээгине ракета ташуучу “Карл Винсон” баштаган чабуул коюуга даяр деңиз күчтөрүнүн тобун жөнөткөн.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси Пхеньяндын атомдук курал жана ракета программалары боюнча куралдуу жаңжалга чейин жетсе, ал тиреште эч бир тарап жеңүүчү болбосун айтты. Кытай эки тараптуу диалогду колдоорун билдирген. (КЕ)