Бишкекте тепловоз сүзүп, каза тапкан кишинин тек-жайы такталды. Маркум 47 жаштагы Сокулук районунун тургуну болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы текшерилип жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” айтымында, окуя 14-апрелде кечки саат бештер чамасында болгон.
Бул акыркы беш күндө поезд сүзүп каза болгон экинчи учур. Жакында бир аял поезд алдында калган. Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка кабылгандар мас абалында болушкан. (КЕ)