Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Турсунбеков: Өкмөттүн кетээр-кетпеси анын отчетуна жараша болот


Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде өкмөт башчы болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган.
Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде өкмөт башчы болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетээр-кетпесин депутаттар чечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Бишкектеги Ботаникалык бактагы ишембилик учурунда билдирди. Анын айтымында, келерки аптада парламент өкмөттүн жылдык отчетун угат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, ишембиликке төрага баш болгон депутаттар катышууда.

- Бардыгы өкмөттүн отчетуна байланыштуу болот. Эгер отчет депутаттарга жакса, бул өкмөттүн мындан ары иштеп калуу мүмкүнчүлүгү бар, - деди спикер Чыныбай Турсунбеков.

Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде өкмөт башчы болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган. Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы.

Апрель ыңкылабынан бери эле коррупциялык чатак, Кумтөр, жол куруу боюнча тендерге байланыштуу чырлуу иштердин айынан сегиз жолу өкмөт алмашты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG