Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

Өзгөндө бир үйдү жер көчкү басып калды


Өзгөн районундагы жер көчкүнүн астында калган жаран изделүүдө.
Өзгөн районундагы жер көчкүнүн астында калган жаран изделүүдө.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер көчкүнүн астында калган жаран изделүүдө. Куткаруу иштерине кошумча жергиликтүү тургундар тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында узуну 70 метр, туурасы 50 метр, бийиктиги 6 метр жана көлөмү 21000м³ түзгөн жер көчкү жүргөн. Көчкү бир үйдү, аны менен кошо 1961-жылы туулган Сүйүндүк Касымовду басып калган.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев башында турган жетекчилер көчкү жүргөн жердин кооптуулугун карап жүрөт.

26-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жер көчкү жүрүп, бир турак жайды алты адам менен кошо басып калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG