Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:28

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1850 учур катталса, алардын экөө адам өлүмү менен коштолгон. Бул убакыт аралыгында 65 кылмыш иши козголуп, калгандары административдик жазага тартылган. Катталган фактылардын басымдуу бөлүгү күч колдонуу, экинчи орунда психикалык зомбулук турат. ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өкүлү Таалай Алижановдун “Азаттыкка” белгилешинче, соңку учурда ушул маселе менен кайрылгандар көбөйдү. Өткөн жыл ичинде кайрылгандардын саны жети миңден ашкан.

БУУ акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Ошондой эле аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG