Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Өзгөндө төрт үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү


Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында 14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында көчкү жүрүп, бир үйдү басып калган.
Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында 14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында көчкү жүрүп, бир үйдү басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кысык-Алма айылында болжол менен 1500 метр аралыкта жер көчкү активдешип, үйлөрдү карай жылганы байкалган. Көчкү коркунучундагы төрт турак үйлөрдүн тургундары, жалпысынан 24 адам коопсуз жайга, кошуналарыныкына көчүп чыгышты. Министрликтин тиешелүү кызматкерлери ал жердин кооптуулугун кароо үчүн жөнөп кетти.

Өзгөндөгү Шамал-Терек айылындагы Ындабай участкасында 14-апрель күнү түнкү саат 12лер чамасында көчкү жүрүп, бир үйдү басып калган. Андагы 56 жаштагы Сүйүндүк Касымовду издөөгө жергиликтүү тургундар жана техника тартылды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG