Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Ходорковский “Ачык Орусиянын” төрагалыгынан кетти


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Михаил Хадарковский “Ачык Орусия” коомдук кыймылынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал бүгүн Таллинде өтүп жаткан кыймылдын жыйынында билдирди. “Биз биргеликте, өзүбүз, жетекчилер жок деле келечекти кура ала турганыбызды коомчулуктун алдында көрсөтүп, үлгү болобуз”, - деди ал. Кийинки төрага “Ачык Орусиянын” кеңешинин жыйынында тандалат. Иш-чаранын планына караганда, кеңеш дагы кайрадан шайланмакчы. Талапкерлер арасында азыркы кеңештин айрым мүчөлөрү бар. Айрымдары кийинки мөөнөткө баруудан баш тартышкан. Ал эми жаңы ысымдардын арасында Королев шаарынын мурдагы менеджери, Москва облусунун эмгек сиңирген экономисти жана “Бирдиктүү Орусиянын” мүчөсү Елена Логвиненко, Башкырстан президентинин администрация башчысынын мурдагы жардамчысы Андрей Потылицын, “Путиндин ордуна” долбоорунун лидерлеринин бири Илья Новиков жана башкалар бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG