Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

“Пальмира” тасмасын тартуу ушул жылдын соңунда башталат


Палмира Сириянын байыркы шаары.
Палмира Сириянын байыркы шаары.

Режиссер Иван Болотниковдун жетекчилигиндеги Орусия менен Сирия биргелешип тарта турган “Пальмира” тасмасы ушул жылдын соңунда башталат. Бул тууралуу Орусиянын Маданият министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Күздөн тартып даярдык иштери башталат. Долбоор эл аралык болуп эсептелет. Ага Орусия менен Сириядан сырткары Ливан, Франция жана башка өлкөлөр катышары күтүлүүдө. Тасма аялы жана кичине кыздарын алып Сирияга качып кеткен дагестандык дарыгердин жашоосу тууралуу болот. Фильмди биргелешип тартуу боюнча келишимге "Пролайн-медиа" жана Shaghaf компаниялары 17-апрелде кол койот. Кол коюу аземине Орусиянын маданият министри Владимир Мединский, сириялык актриса жана продюсер Сулаф Фавакержи, Иван Болотников катышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG