Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:17

Бүгүн христиандар Пасха майрамын белгилөөдө


Пасха күнү дасторконго коюлчу тамактар.
Пасха күнү дасторконго коюлчу тамактар.

Быйыл христиандар: протестанттар, католиктер жана православдар Пасханы бир күндө майрамдашат. Пасха христиан дининде Иса Машаяктын (Иисус Христостун) тирилген күнү катары саналат. Бишкекте Пасха майрамы сыйынуулар, ырым-жырымдар менен коштолот.

Проваслав христиандары Пасха майрамын белгилөөнү Бишкектеги борбордук чиркөөдө 15-апрелдин түнү башташкан.

Православ, католик жана протестанттар ар башка жылнаамалар менен санак жүргүзгөндүктөн, негизинен Пасханы ар башка күнү майрамдап жүрүшөт. Бирок быйылкыдай бир күндө майрамдалышы тез-тез кайталанып да турат. Пасха 2010-2011-2014-жылдары чогуу майрамдалган. Муну христиандар жакшылыктын жышааны катары санашат.

Кечээ, 15-апрелде президент Алмазбек Атамабев кыргызстандык христиандарды Пасха майрамы менен куттуктаган.

Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөрү айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG