Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:59

Алепподогу жардырууда каза болгондордун саны 39га жетти


Алеппонун жанындагы жардыруу, 15-апрель, 2017
Алеппонун жанындагы жардыруу, 15-апрель, 2017

Сириянын Алеппо шаарына жакын жердеги жардырууда кеминде 39 киши каза болуп, ондогон адамдар жараат алды. Башка булактарда каза болгондордун саны 43 деп көрсөтүлүп жатат. “Аль-Жазира” телеканалы жардыруунун себептери азырынча ачык айтыла электигин билдирүүдө. Ал эми жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары жанкечти өзүн жардырганын, теракт болгонун жазып жатышат. Маалыматка караганда, жанкечти колго жасалган бомбаны минивэнге коюп, катар турган 70 автобустун алдында жардырган. Автобустарда жайкын тургундар болгон.

Сирия өкмөтү жана көтөрүлүшчүлөр Алеппо провинциясындагы Кефрайи жан Фуаа шаарларынан, ошондой эле Дамасктан алыс эмес Мадайи жана Забадан шаарларынан 30 миңдей жаранды эвакуация кылуу боюнча келишимге кол койду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG