Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Пентагон: Түндүк Корея учурган ракета ийгиликсиз болду


Ишембиден жекшембиге караган түнү Түндүк Кореянын аймагынан учурулган ракета дароо эле абада жарылган. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис билдирди. Бул тууралуу маалымат АКШ президенти Дональд Трампка жеткирилгенин, бул факт боюнча комментарий берилбей турганын айткан.

- Түндүк Корея учурган ракета ийгиликсиз болгону тууралуу президенттин жана анын аскерий кызматкерлеринин маалыматы бар. Президенттин кошумча комментарийи жок, - деген Пентагон башчысы.

Түндүк Корея АКШга чейин жетүүгө кудуреттүү интерконтиненталдык ракетанын үстүнөн иштеп жатат деп шектелүүдө. Бирок буга чейин жапон коргоо министри Томоми Инада бул жолку ракета өтө бийик учпаганын, ракетанын башка түрү болушу мүмкүн экенин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG