Ош облусунун Өзгөн районундагы Кысык-Алма айылында жер көчкү үч үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн кабарлады. Көчкү коркунучундагы бул жердеги төрт үйдүн тургундары, жалпысынан 24 адам кечээ 15-апрелде коопсуз жайга, кошуналарыныкына көчүп чыгышкан болчу. Мекеменин кызматкерлери көчкү жүргөн жердин кооптуулугун дагы тактоодо.
Өзгөн районунда буга чейин бир канча айылда көчкү жүрүп, адам өмүрүн алган кырсыктар катталган. (КЕ)